Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин 8-декабрдагы билдирүүсүндө Түркиянын аскерлери Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарына жакын топтолуп турушу чыңалууга өбөлгө түзөрү айтылган.
Буга чейин Ирактын өкмөт башчысы Хайдар аль Абади түрк аскерлери Ирактын түндүгүнө уруксатсыз киргенин белгилеп, Анкарадан аскер күчтөрүн тез арада алып чыгып кетүүнү талап кылган. Бирок Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу Анкара Түндүк Ирактан аскерлерин чыгарып кетпей турганын билдирди. Бул тууралуу Мевлют Чавушоглу түрк аскерлерин чыгарып кетүү талабы боюнча коюлган мөөнөт өткөндөн бир нече сааттан кийин Ирактын тышкы иштер министри Ибрагим аль-Жафари менен телефондон сүйлөшүүсүндө айткан. Мевлют Чавушоглу Мосул шаарына жакын жердеги түрк аскер бөлүгү ал жакка мурда жайгаштырылган аскерлерди алмаштыруу үчүн жиберилгенин кошумчалаган.