Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:28

Талиптер Ооганстандын Кандагар шаарынын аба майданына кол салды


Жергиликтүү губернатордун маалымат катчысынын “Азаттыкка” маалымдашынча, террористтердин арасынан куралчан үчөө аба майдандын айланасындагы мектептин ичине кирип алып, аэропорттун кызматкерлерине жана күч түзүмдөрүнө каршы ок чыгарган. Адам курмандыктары жөнүндө ушул сааттарга карата эч кандай маалымат айтыла элек. Болгону жоочуларга карата Ооганстандын коопсуздук күчтөрү жооп кайтарып ок аткан.

Ошол эле кезде ооган талиптеринин өкүлү Юсуф Ахмади бир нече согушкер аэропорттун аймагына кирип барып, андагы коопсуздук күчтөрү менен салгылашып жатканын билдирди. Ооган бийлиги соңку мезгилде "Талибан" кыймылы жанданып, алардын өкмөттүк күчтөргө каршылык көрсөтүүсү күч алганын белгилеген болчу. Быйыл сентябрь айында талиптер өлкөнүн түндүгүндөгү Кундуз провинциясын басып алып, ал аймак туура бир жарым айдан кийин гана кайра бошотулган.

XS
SM
MD
LG