Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 04:20

Орусия ИМ жоочуларына алгач ирет суудан сокку урду


Орусия “Ислам мамлекети” экстремисттик тобуна каршы биринчи жолу суу асты кемесинен сокку урганын маалымдады. Өлкөнүн коргоо министри Сергей Шойгу бул тууралуу президент Владимир Путинге билдирип, “Калибр” ракетасы Жер ортолук деңизинде “Ростов на Дону” кемесинен атылганын айтты. Шойгу акыркы үч күн аралыгында ТУ-22 аскер учактарынан Сириядагы согушкерлердин 60 туруму бутага алынганын кошумчалады.

Андан сырткары коргоо министри 24-ноябрда Түркия уруп түшүргөн учактын "кара кутусу" Сирия жана Орусия аскерлеринин биргелешкен аракети менен табылганын белгиледи. Путин бул боюнча иликтөөнү эл аралык эксперттердин коштоосунда уюштурууну тапшырды.

Түркия чек ара мейкиндигин бузганы үчүн учакка сокку урулганын айтып келет. Москва муну четке кагууда. (SE)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG