Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:23

Сириядагы оппозициячыл козголоңчулар Эр-Риядда сүйлөшүү баштады


Сирия, 7-декабрь, 2015-жыл.
Сирия, 7-декабрь, 2015-жыл.

Сириядагы саясий жана куралдуу оппозиция өкүлдөрү Сауд Арабиянын Эр-Рияд шаарына чогулуп, сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Алар Башар Асад менен тынчтык келишимине кол коюу боюнча сунушту талкуулаганы 8-декабрда чогулду. Бул жолугушуу Сирияда согуш тутанган төрт жылдан бери козголоңчулардын жетекчилерин бир жыйынга чогулткан алгачкы иш-чара. Бирок ага “Ал Каидага” кошулган “Жабхатан Нусра” жана Сирия күрттөрүнүн жоочу топтору чакырылган жок.

Батыш өлкөлөрү Сириядагы оппозициялык топторду 2016-жылдын январь айынан тарта тынчтык келишими боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырууда.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Парижге иш-сапар менен келген учурда мартабалуу дипломаттардын Сирия боюнча жолугушуусу быйыл 18-декабрга белгиленгенин айткан. (SE)

XS
SM
MD
LG