Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:15

Ошто өрт кырсыгынан бир адамдын өмүрү кыйылды


Ош шаарында бүгүн эртең менен өрт кырсыгынан бир тургундун жаны кыйылды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, Раззаков көчөсүндө жайгашкан 4 кабат үй-бүлөлүк жатакананын батирлеринин биринен өрт чыккан. Кырсык болгон жерден №47 батирдин ээси, 39 жаштагы Бактыгүл Жумакулованын сөөгү табылган.

Куткаруучулардын айтымында, ал түтүнгө ууланып мерт болгон.

Өрт өчүрүүчүлөр үйдөгү 22 адамды шаты менен жерге түшүрүп, дагы 90 жашоочуну газ түтүнүнө каршы кысылган аба аппараттары менен эвакуацияланган.

Окуянын себеби такталууда. (RK)

XS
SM
MD
LG