Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:17

Административдик иштерди караган судьялар окуудан өтүүдө


Бүгүн Бишкекте административдик иштерди караган судьялар үчүн эки күндүк семинар башталды. Бул тууралуу Жогорку Соттун маалымат катчысы Айнура Токтошева маалымдады.

Окутууну Жогорку Сот жана Судьялардын окуу борбору Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) «Борбор Азия өлкөлөрүнө укуктук мамлекеттүүлүккө көмөк көрсөтүү» программасы жана Европа Биримдигинин «Укуктун үстөмдүгүнүн платформасы - Борбор Азия» долбоору менен бирге өткөрүүдө.

Жогорку Сот, облустук жана Бишкек шаардык сотторунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегияларынын, ошондой эле район аралык соттордун судьялары, жалпысынан 24 адам катышып жаткан бул семинарда Кыргызстандагы административдик жол-жоболор менен сот өндүрүшү тууралуу сөз болууда. Лекторлор – GIZ программасынын эксперттери. (RK)

XS
SM
MD
LG