Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:36

Жолдубаева: Мыйзамдын чабалдыгы коррупцияга жол ачууда


Кыргызстанда мыйзамдын чийкилиги жана укуктук ченем актыларынын так эместиги айрым аткаминерлердин жемкорлукка баруусуна жол ачууда. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте коррупцияга каршы күрөшкө арналган жыйында өлкөнүн Башкы прокурору Индира Жолдубаева билдирди.

Башкы көзөмөл органынын жетекчиси ошондой эле жарандардан да тиешелүү жардам болбой жатканын, коррупция тууралуу бардык жерде нааразы сөздөр айтылганы менен күч түзүмдөрүнө арызданып кайрылгандар дээрлик жок экенин айтты.

Бүгүн "Ала-Арча" резиденциясында 9-декабрь - Коррупция менен күрөшүүнүн эл аралык күнүнө карата илимий-практикалык конференция өтүп жатат. Аны Башкы прокуратура уюштурду.

Жыйынга парламенттин, президенттик аппараттын, өкмөттүн, Коргоо кеңешинин, соттордун жана башка мекемелердин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, юрист окумуштуулар, окутуучулар катышууда. (RK)

XS
SM
MD
LG