Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:11

10-декабрдын аба ырайы


10-декабрда көпчүлүк аймактарда кар жаайт. Кээ бир райондордо жаан-чачын катуу болот. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат. Жолдор тоңголок, тайгак болуп тоолуу райондордо кар күрткүсү пайда болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -1...-6,

Таласта түнкүсүн -4...-9, күндүз -1...-6,

Баткенде түнкүсүн 0...-5, күндүз -2...+3,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз -1...+4,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз -3...+2,

Нарында түнкүсүн -10...-15, күндүз -2...-7,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20...-25, күндүз -9...-14.

Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4, күндүз -1…-3.

XS
SM
MD
LG