Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:33

Жанкечти жубайлардын бири медреседен билим алган


Өткөн жумада күйөөсү менен бирге Калифорниянын Сан-Бернардино шаарында ок жаадырган аял Пакистандагы абройлуу “Аль-Худа” медресесинде окуган. Муну Пакистандын коопсуздук күчтөрү ырасташты. Буга чейин аталган медресенин кандайдыр бир экстремисттик уюмдар менен байланышы болгон эмес.

“Аль-Худа” медресесинин негиздөөчүсү, учурда Канадада жашаган Фархат Хашимини мурда ислам догматтарынын идеясын жайышка кызыкдар, деп сындап келишкен.

Эске сала кетүүчү жагдай, 2-декабрда 29 жаштагы Ташфин Малик жана анын 28 жаштагы келинчеги Сайид Фарук социалдык камсыздоо борборуна кирип барышып, андагы адамдарга карата ок жаадырышкан. Канабайрамдан 14 адам каза болуп, 21 адам жараат алган. Сан-Бернардино шаарындагы маассалык адам өлтүрүүгө жоопкерчиликти алган “Ислам мамлекети” тобу ал жубайларды “өзүнүн мужахиддери” деп атады.

XS
SM
MD
LG