Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

ЕККУ: Кыргызстанда коррупцияга каршы күрөш жетиштүү жүргөн жок


Коррупцияга каршы күрөштүн дүйнөлүк күнүнө арналган Бишкектеги конференцияда Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Кыргызстандагы элчиси Сергей Капинос билдиргендей, жемкордук менен күрөшүүдө бардык күч түзүмдөрү жана сот системасы биргеликте иш алып барышы керек. ЕККУ элчиси, бүгүнкү күндө Кыргызстанда сот бийлигин реформалоо маселеси мурда болуп көрбөгөндөй актуалдуу экенин, сот адилеттиги системасын реформалоо узак мөөнөттү талап кыла турган татаал жараян экендигин белгилеп өттү.

Ошентсе да, улуттук мыйзамдардын эң мыкты эл аралык колдонуу мисалдарына жана стандарттарына шайкеш келиши мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуунун өбөлгөсү болот. Сот адилеттигинин жалпыга бирдей жеткилең болушун, адилеттүү сот териштирүүсү менен мыйзам алдында баарынын тең укуктуулугун камсыз кылат, - деди элчи мырза.

Кыргызстанда коррупция үчүн жазаны күчөтүү демилгесине токтолуп, Сергей Капинос андай тажрыйба өзүн актабагандыгын айтты:

- Кытайдын мисалын алсак, коррупция үчүн жазаны күчөтүү паралардын өлчөмдөрүнүн гана жогорулашына алып келип жатат. Ушуга байланыштуу коррупцияга каршы күрөш жүргүзүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларынын бири – бул экономикага мамлекеттин киришүүсүн азайтуу, мамлекеттик аппараттын ишмердигинин ачык-айкындыгы жана анын калкка так маалымат берип турушу менен бирге мыйзам алдында жоопкер болушу.

Капинос эл аралык уюмдун өкүлү ЕККУнун Бишкек борбору Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы күрөш жүргүзүшүнө мындан ары да чечкиндүү көмөк көрсөтөрүн кошумчалады.

УКМКнын Коррупцияга каршы кызматынын маалыматына ылайык, ушул жылдын он бир айында тергөө органдары жемкордук боюнча 334 кылмыш ишин ачкан. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 30га көп. (SDz)

XS
SM
MD
LG