Француз маалымат каражаттары полиция токсон адамдын өмүрү кыйылган “Батаклан” театрына кол салган үчүнчү террористтин ким экенин изилдеп, таап чыкканын кабарлашууда. Le Parisien гезити ал Страсбург шаарынын 23 жаштагы тургуну Фуад Мохамед Аггад экенин жазды. Анын үй-бүлөсү 2013-жылы Сириядан Францияга көчүп келгени аныкталган. Буга чейин полиция “Батакландагы” кандуу булоонго катышы бар эки террорчунун өздүгүн аныктаган болчу. Алар 29 жаштагы Омар Исмаил Мостефай жана 28 жаштагы Сами Амимур. Булар кол салуунун жүрүшүндө өздөрүн жардырганы аныкталган.
Парижде 14-ноябрга караган түнкү куралдуу кол салуунун жана жардыруунун натыйжасында 132 адам каза болуп, 400 чукул адам жараат алган. Бул террордук акты үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчиликти өзүнө алган. (KJ)