Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:27

Ооган президенти Пакистандын "Талибанды" колдогонун сынга алды


Ооганстанды калыбына келтирүүгө арналган аймактык конференция катышуучулары.
Ооганстанды калыбына келтирүүгө арналган аймактык конференция катышуучулары.

Ооганстан президенти Ашраф Гани менен Пакистандын премьер-министри Наваз Шариф Ооганстанды калыбына келтирүүгө багытталган Индия, Кытай, Иран, Кыргызстан жана Тажикстан катышкан аймактык конференцияда пикир алмашты. Президент Гани: “Пакистан Ооганстандын эгемендигин тааныйбы деген суроо бар, Исламабад чын ниеттен кызматташууга барабы”, деп суроо койду.

- Биз бардыгыңыздар үчүн күрөшүп жатабыз. Күндө жырткычтык менен алышып, балдарды жана кары-картаңдарды курмандыкка чалган көрүнүштөргө күбө болуудабыз. Аймактык кызматташуу үчүн мына ушундай террорчулукту кимдер түзүп, кимдер кажылап жатканын, алардын кылмыштуу экономика жана маңзат соодасы менен байланышын аныкташыбыз зарыл, - деп айтты Гани.

Ооган президенти ошондой эле террорчул уюмдарды кимдер каржылап, кимдер калкалай турганын аныктоочу механизмдерди сунуштады.

Премьер-министр Наваз Шарип Пакистан "Талибан" кыймылын колдойт деген дооматты четке кагып, “Ооганстандын душмандары - Пакистандын да душманы” деген сөзүн кайталады.

АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Энтони Блинкен аймактык конференцияда Ооганстандагы тынчтыкты калыбына келтирүү үчүн Пакистан ооган талиптерине өзүнүн таасирин көрсөтүшү керектигин билдирди.

Аймактык конференция аяктары менен 8-декабрь күнү кечинде талиптер Кандагардагы аэродромго чабуул коюшту.

XS
SM
MD
LG