Абактан качып кармалган Эдил Абдрахмановдун бутуна операция жасоо үчүн каражатты Кызыл Ай коому бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жаза аткаруу кызматынан кабарлашты. Мекеменин маалымат катчысы Элеонора Сабатарованын айтымында, доктурлар анын сол бутуна операция жасоо керек экенин, бирок кымбат болорун айтышкан:
- Дарылоого муктаж айыпкерлердин атайын тизмеси болот. Мисалы, кургак учук менен ооругандардын... Ал эми капысынан пайда болгон муктаждыктарга бизде бюджеттен акча каралбайт. Ошондой учурда ар кимге кат жазып кайрылабыз.
Сабатарованын айтымында, Кызыл Ай коому Абдрахмановдон тышкары дагы бир оорулуу соттолгон адамга жардам бермей болду. Кайсы сумма тууралуу кеп болуп жатканы азырынча белгисиз.
Октябрь айында Чүйдөгү №50 абактан качкан 9 адамдын бири Эдил Абдрахманов болчу. Ал бир нече күндөн кийин Көк-Жар айылынан кармалган. Кармоо учурунда бутунан ок жеп, дароо ооруканага түшкөн. Террорчулук үчүн айыпталып, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган Абдрахманов учурда №47 абакта кармалууда. (RK)