Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Бүгүн Жогорку Кеңеш депутаттары омбудсменди шайлашат


Парламент депутаттары бүгүн Кыргызстандын акыйкатчысын шайлашат. Талапкер жабык добуш берүү аркылуу тандалат. Мамлекеттин башкы укук коргоочусунун ордуна сегиз адам ат салышууда.

Талапкерлердин арасынан мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акунду, Гүлгакы Мамасалиеваны жана Бакыт Рысбековду “Ата Мекен” фракциясы сунуштаган. КСДП азыркы омбудсмендин милдетин аткаруучу Гүлнара Жамгырчиеваны, “Республика-Ата-Журт” Атыр Абдырахматованы, “Кыргызстан” фракциясы Канатбек Тургунбековду, “Бир Бол” Нурланбек Жээналиевди, “Өнүгүү-Прогресс” Мурат Жетимишбаевдин талапкерлигин көрсөтүшкөн.

Кыргызстанда “Омбудсмен жөнүндөгү мыйзам” 2002-жылы кабыл алынган. Ошол жылы шайлоо өтүп, 13-декабрда Турсунбай Бакир уулу акыйкатчы кызматына киришкен. Андан соң Турсунбек Акун, Бакыт Аманбаев омбудсмен болушкан. 2015-жылдын июнь айынан тарта Гүлнара Жамгырчиева акыйкатчынын милдетин аткарып келди. (SE)

XS
SM
MD
LG