Адам укугуна арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” деген аталыштагы даректүү фильмдер фестивалынын тогузунчу айлампасы бүгүн башталат. Салтанаттуу ачылышы Бишкектеги “Парк отель” мейманканасында өтөт. Фестивалдын алкагындагы тасмалар 10-13-декабрь күндөрү баш калаада көрсөтүлүп, 14-декабрда жыйынтык чыгат. Андан ары аймактарда уланат.
Уюштуруучулар кабарлагандай, быйыл 18 чет элдик, төрт жергиликтүү фильм тандалган. Алардын бардыгы аялдар жана балдардын укугу тууралуу тартылган тасмалар.
Фестивалга Маданият, маалымат жана туризм министрлиги расмий өнөктөш катары катышууда. Фильмдерди тандаган калыстар курамында мамлекеттек мекемелерде, социалдык кызматтарда иштегендер жана укук коргоочулар болду. (SE)