Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:06

Борбор Азиянын калкы 2050-жылы 96 миллионго жетет


Борбор Азиядагы мамлекеттерде жашагандардын жалпы саны 2050-жылы 96 миллионго жетиши болжолдонууда. Бул тууралуу Кыргызстандын стратегиялык изилдөө боюнча улуттук институтунун басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, 2050-жылдары Тажикстан менен Кыргызстандын калкы эки эсе көбөйө турганы күтүлүүдө. Чөлкөмдөгү башка өлкөлөрдө калктын өсүү темпи жайыраак болот.

Азыр Борбор Азияда 66 миллиондун тегерегинде адам бар.

PRB (Population Reference Bureau) эл аралык уюмунун эсептөөсүнө ылайык, 35 жылдан соң Кыргызстандын калкы 11,6 миллионго жетет.

XS
SM
MD
LG