Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Казакстанда студент өзүн өрттөдү


Түркистан шаарында өзүн өрттөгөн 20 жаштагы студент ооруканага жаткырылды. Анын денесинин 90 пайызы күйүп кеткен. Бул тууралуу Түштүк Казакстан облусунун Ички иштер департаментинин басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.

Өз үйүндө өрттөнүп аткан адам тууралуу маалымат милицияга 7-декабрдын кечинде түшкөн.

Окуя боюнча Кылмыш кодексинин “Адамды өз жанын кыюуга чейин жеткирүү” беренесине ылайык иш ачылды. Студенттин эмне себептен мындай кадамга барганы териштирилип жатат.

XS
SM
MD
LG