Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:30

Ош облусунун жаңы башчысы ишке киришүүдө


Таалайбек Сарыбашев
Таалайбек Сарыбашев

Премьер-министр Темир Сариевдин буйругу менен бүгүн өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Таалайбек Сарыбашев дайындалды. Ал буга чейин Алай районунун акими болуп иштечү.

Сарыбашев 2012-жылы акимдик кызматка келгенде райондо нааразылыктар чыккан. Ага жергиликтүү кеңештин 25 депутатынын 13ү добуш берген. Акимди шайлоо күнү жүзгө жакын тургун Алай районунун борбору Гүлчөдө митинг кылып, “Таалайбек Сарыбашев депутаттардын добушун сатып алды” деп айыпташкан.

Өкмөттүн Ош облусундагы буга чейинки ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков башка кызматка өтүп жатканына байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулган. (ErN)

XS
SM
MD
LG