Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:25

Бекешов: Айылда майып балдар билим алуу укугунан ажырап отурат


Кыргызстанда майып балдар жетиштүү деӊгээлде билим ала албай жатат, бул маселени тезинен чечүү зарыл. Бул тууралуу бүгүн парламент жыйынында депутат Дастан Бекешов билдирди. Ал Бишкек менен Ош шаарларында ден соолугу жагынан мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды окута турган атайын мектептер бар экенин, бирок элет жергесинде андай шарт жок болуп жатканын айтты:

- Бизде инклюзивдик билим берүү тууралуу мыйзамдар бар. Бирок алар иштебей жатат. Айылдагы майып балдарды кантип окууга тартабыз, үйүнө мугалим жиберебизби же автобус менен ташыйбызбы, жолдорун карап көрөлү.​

Укук коргоочулардын маалыматына караганда, Кыргызстанда окуучулук курактагы 38-80 миң бала мектепке барбай жүрөт. Каттоого алынган майып балдардын саны 23 миңдин тегерегинде. (RK)

XS
SM
MD
LG