Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн каржы министри Адылбек Касымалиевди кабыл алып быйылкы жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы, келерки жылдын негизги финансылык документинин артыкчылыктуу багыттары боюнча маселени талкуулады.
Министр арзан жана сапаттуу мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү камсыз кылуу максатында мамлекеттик каражатты башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана оптимизациялоо, бюджеттик процесстердин ачыктыгын арттыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында айтып берди.
Президент бюджеттин тең салмактуулугун сактоону, аны так аткаруу зарылдыгын, ошондой эле жарандар алдындагы социалдык бардык милдеттенмелерди толугу менен өз учурунда аткарууну камсыз кылуунун маанисин баса белгиледи.
Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.(RK)