Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:21

"Өнүгүү-Прогресстин" омбудсмендикке талапкери ат салышуудан баш тартты


Акыйкатчы кызматына "Өнүгүү Прогресс" фракциясы көрсөткөн Мурат Жетимишбаев өз талапкерлигинен баш тартты. Бул тууралуу ал ушу тапта өтүп жаткан парламент жыйынында билдирип, башка талапкерлердин арасынан татыктуусун тандап алууну каалады.

Жогорку Кеңеш бүгүн акыйкатчы кызматына талапкерлердин программасын угуп жатат. Жыйынтыгында эки турдагы добуш берүүнүн натыйжасында жаңы омбудсмен тандалып алынышы керек.

"Ата Мекен" фракциясынан 3, калган фракциялардан ар биринен бирден талапкер, жалпысынан 8 адам көрсөтүлгөн.

Акыйкатчынын орду экс-омбудсмен Бакыт Аманбаев парламенттин чечими менен иштен четтетилгенден кийин бошогон. Анын кетишине отчету Жогорку Кеңештен өтпөй калышы себеп болгон. (RK)

XS
SM
MD
LG