Премьер-министр Темир Сариев бүгүн курулуш тармагындагы көйгөйлөрдү талкуулаган жыйын өткөрдү. Ага өлкөдөгү курулуш компанияларынын жетекчилери, ЖИА ассоциациясынын мүчөлөрү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.
Сариев өкмөт курулуш тармагынын көйгөйлөрүн биргелишип чечүүгө даяр экенин жана бул жаатта бир катар иштер жүрүп жатканын билдирди.
- Мамлекеттик ипотекалык компания ишин баштап жатат. Анын негизинде убактылуу токтоп калган үйлөрдүн курулушун улантууга жол ачылат. Аталган компания келерки жылдын аягына чейин 6 миллиард сом жумшап, мамлекеттик кызматкерлерди жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу маселесин чечмекчи,-деди өкмөт башчы.
Муну менен катар ал айрым мекемелер жана ишканалар курулуш тармагына бут тоскон учурлар бар экенин айтып, “Түндүкэлектр”, “Бишкекжылуулукту” уруксат берүүдө курулуш компанияларына жардам берүүгө чакырды. (RK)