Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:50

Милиция Ноокаттын акими барымтага алынды деген кабарды төгүндөдү


Оштун Ноокат районундагы Көк-Жар айылынын тургундары 10-декабрда акимди барымтага алды деген маалыматты милиция төгүндөдү. Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев “Азаттыкка” билдиргендей, жашоочулар бейшемби күнү айыл аймагындагы кытай ишкерлерине таандык эшек фирмасын жабуу талабы менен жыйын өткөрүшүп, ага аким Бекболот Айтиев катышкан:

- Жыйында кытай ишкерлери кыска аралыкта эшектерди алып чыгып кетүү мүмкүн болбой жатканын айткан учурда бир жашоочу “анда эшектерди алып кетмейинче аким биздин айылда калат” деген. Бирок барымтага алынган эмес.

Ноокат районунда 300дөн ашуун эшек багылып жаткан сарай ноябрдын соңунда табылып, ал кытай ишкерлерине таандык экени аныкталган. Эшекти союп, элге сатып жаткан болушу мүмкүн деген шек менен жергиликтүүлөр нааразы болуп, ферманы тез арада жабууну талап кылышкан. Бирок ал аткарылбагандыктан, 10-декабрда айылда чогулуш болгон. Айрым маалымат булактары акимди жашоочулар барымтага алганын кабарлаган болчу.

Ош милициясы эшек бизнеси боюнча ишти Каржы полициясынын иликтөөсүнө өткөрүп бергенин билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG