Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:50

Орусияда быйыл жакырлар эки миллионго көбөйдү


Соңку эсептөөлөргө караганда, быйылкы январдан сентябрга чейин эң төмөнкү керектөөгө да жетпеген киреше тапкан орусиялыктардын саны былтыркы ушул убакытка салыштырганда 2 миллион 300 миң адамга өскөн. Мындай маалыматты бейшембиде Орусиянын статистикалык мекемеси жарыялады. Бул көрсөткүчкө 2014-жылдын мартында Орусия аннексиялап алган Крымдагы эсептөөлөр кошулган эмес.

Маалыматтарга караганда, жакыр деп саналган катмарга кирген орусиялыктардын саны азыр 20 миллион 300 миң адамды түзөт. Бул өлкөдөгү жалпы калктын 14,1 процентине тете.

XS
SM
MD
LG