Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:27

Тажик кызды өлтүргөн деп айыпталган орусиялык офицер ооруканага жаткырылды


Дүйшөмбү шаарынын 22 жаштагы тургуну Шоира Жобированы өлтүрдү деп шектелген Орусиянын аскерий базасынын офицери Иван Щербаков Екатеринбургда психиатрикалык ооруканага түштү. Ал ноябрдын ортосунда Тажикстандан Орусияга экспертизага жиберилген. Ага чейин тергөө абагында болгону кабарланды. Эми анын психикалык абалына ооруканада байкоо салынат.

Орус аскер базасынын улук лейтенанты Иван Щербаков Жабборованы өлтүргөн деген шек менен 9-ноябрда кармалган. Маркумдун туугандары кылмышкер кызды кордоп, сөөгүн аскер базасынын жанындагы таштандыга ыргытып жибергенин айтышкан. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги орус аскер базаларында мындай окуяларга жол бербөө үчүн тиешелүү чараларды көрүү талабы менен Орусияга нота жолдогон.

XS
SM
MD
LG