Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:35

Орусияда Назарбаев “Жылдын адамы” деп аталды


Нурсултан Назарбаев жана Владимир Путин
Нурсултан Назарбаев жана Владимир Путин

Казак президенти Нурсултан Назарбаев “Быйылкы жылдын мыкты адамы” деген сыйлык алганын Орусиядагы Казакстандын элчилиги кабарлады. Аталган сыйлыкты Орусиядагы биографиялык жана экономикалык стратегиялар институттары уюштурган.

Назарбаев эл аралык саясатта жетишкен ийгиликтери жана Евразия экономикалык биримдигин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн бул наамга татыктуу деп табылды.

“Жыл адамы” деп табылгандар арасында Орусиянын президенти Владимир Путин, Беларус лидери Александр Лукашенко, Кытайдын төрагасы Си Цзинпин, Кубанын башчысы Раул Кастро да бар.

XS
SM
MD
LG