Орусия Башкы прокуратурасы "Ходорковский Орусияда революция жолу менен бийликти алмаштырууга чакырык жасады" деп эсептеп, ал материалдарды текшерүүгө жиберди. Башкы көзөмөл органдын маалыматына караганда, 9-декабрда "Ачык Орусия" коомдук кыймылынын кеңсесинде Михаил Ходорковский менен Лондондон жүрүзүлгөн видео байланыш интернетке жарыяланган. Журналисттер менен болгон бул сүйлөшүүдө Ходорковский Орусия Федерациясында бийликти революция жолу менен алмаштырууга үндөгөнү айтылууда.
Анда Ходорковский "Орусияда толук түрдөгү антиконституциялык төңкөрүш болду" деп айткан. Андан ары ал "мындан чыгуунун кандай жолу бар?" - деген суроого: "Бийликти таза шайлоо менен алмаштырууга мүмкүн болбой калганда, же башка мыйзамдуу механизмдер четке кагылган учурда бир гана жол калат - ал революция", - деп жооп берген.
“Ачык Орусия” демократиялык демилгелерди жайылтуу максатында мурдагы олигарх Михаил Ходорковский тарабынан негизделген уюм. Он жыл түрмөдө олтуруп чыккан Ходорковский азыр Швейцарияда жашайт.
Ал салык төлөбөдү, бөтөн бирөөнүн мүлкүн ыйгарып алды деген айыптар менен камалып, 2013-жылдын этегинде мунапыс менен абактан чыккан.