Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:23

Британия менен Польша Орусияга каршы санкцияны улантат


Варшавада Польша президенти Анжей Дуда менен Британия өкмөт башчысы Дэвид Кэмерон жолугуп, Орусияга каршы санкцияларды улантууну макулдашты. Польшанын расмий булактары 10-декабрда кабарлагандай, эки лидер Украинадагы жагдайды талкуулады. Москва жана Киев ортосунда түзүлгөн Минск келишимин орус тарап сактабай жатканын жүйө келтиришип, санкцияларды улантуу керектигин белгилешти.

Украинада тутанган согушка Кремлдин тиешеси бар деген негиз менен Батыш мамлекеттери Орусияга каршы бир катар санкцияларды киргизген. (SE)

XS
SM
MD
LG