Сирия бийлигине каршы күчтөрдүн өкмөт менен тынчтык келишимин түзүү боюнча планы "Ахрар ал-Шам" тобуна жакпай, жыйынды таштап чыгып кетишти. Башар Асадга каршы оппозициялык топтор эки күн мурун Сауд Арабияда чогулушкан.
Бул конференция оппозициялык күчтөрдүн башын бириктирген алгачкы иш-чара болду. Бирок ага “Ал-Каидага” байланышы бар “ал-Нусра” тобу чакырылган жок.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Асадды кызматтан кетирип, өткөөл мезгил үчүн демократиялык жарандык мамлекет куруу боюнча сунуштама даярдалды. Бирок "Ахрар ал-Шам" тобунун өкүлдөрү сунуштама чийки болгонун, болжолдуу жаңы лидерлер тобунун курамына каршы экендиктерин айтып, жыйындан чыгып кетишти.