Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

Президент УКМК кызматкерлерине ыраазылык айтты


Президент Алмазбек Атамбаев Бишкекте өткөн атайын операция үчүн Улуттук коопсуздук комитетинин кызматкерлерине ыраазылык билдирди. Ал жараат алган жоокердин тезирээк сакайып кетишин каалап, дарылануусуна каражат бөлдү.

Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, Алмазбек Атамбаев атайын кызматтын жоокерлеринин көрсөткөн эрдигине ыраазы болуп УКМКдан жана башка күч түзүмдөрүнөн экстремизм, терроризм менен күрөшүүдө, жарандардын коопсуздугун камсыз кылууда чечкиндүү болууну талап кылды.

11-декабрга караган түнү Бишкекте террорчу деп шектелген эки жаран жок кылынды. Алар милиционердин өлүмүнө шектелип издөөдө жүргөнүн ИИМ билдирди. (RK)

XS
SM
MD
LG