Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

2018-жылды Айтматов жылы деп жарыялоо сунушталды


2018-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланышы керек. Мындай сунушун бүгүн Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев Бишкекте өтүп жаткан «Айтматов окуулары-2015» эл аралык илимий-практикалык конференциясында сүйлөп жатып айтты. Ал Айтматовдун 90 жылдыгын эрте жана мыкты даярданып өткөрүү керектигин кошумчалап, жазуучунун чыккан да, жарыяланбаган, кара нускадагы чыгармаларын да бириктирип чыгаруу каралышы керектигин билдирди.

Конференцияга Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Орусия, Түркиядан окумуштуулар катышып жатат. Анда жалпысынан 96 доклад окулмакчы.

Эртең, 12-декабрда алар Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү үчүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жана жазуучунун үй-музейине барышат.

Кыргыздын залкар уулу, адабияттын классиги Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда туулган, 2008-жылы июнь айында 79 жашында дүйнө салган. (RK)

XS
SM
MD
LG