Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:37

Климат боюнча эл аралык келишимди кабыл алуу 12-декабрга калды


Париждеги климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйын, 30-ноябрь, 2015-жыл.
Париждеги климаттын өзгөрүшүнө арналган жыйын, 30-ноябрь, 2015-жыл.

Франциянын тышкы иштер министри Лоран Фабиус климаттык өзгөрүүлөргө каршы чара көрүү боюнча келишимди кабыл алуу эртеңкиге калганын билдирди. Министр 12-декабрга чейин мунаса табыларына ишенерин айтты.

Улуттар Уюмунун климат боюнча конференциясына 195 өлкөнүн өкүлдөрү катышып, ал бүгүн соңуна чыкмак. Түн ортосуна чейин созулган талкуулар көргөзгөндөй, зыяндуу газдардын жайылышын азайтууда бай жана кедей өлкөлөр ортосундагы аракеттерди тең салмактоо жана уулуу заттардын айлана-чөйрөгө таралышын чектөө багытындагы чаралар боюнча орток пикир табыла элек.

Ал арада Кытай президенти Си Цзинпинь менен АКШ президенти Барак Обама 10-декабрдын кечинде телефон аркылуу байланышып, климаттык өзгөрүүлөр жаатында кызматташууну улантуу жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу Кытайдын мамлекеттик телеканалы маалымдады.

XS
SM
MD
LG