Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

АКШ Ала-Букада чек ара тозотун бекемдөөгө көмөктөштү


Ала-Букадагы "Кашка-Суу" тозоту бекемделди
Ала-Букадагы "Кашка-Суу" тозоту бекемделди

АКШнын Борбордук командачылыгы Кыргызстандын Чек ара кызматына кыргыз-өзбек чек арасына аскерлер жашай жана иштей турган жаңы имараттарды курууга көмөктөштү. Бүгүн Ала-Бука районундагы "Кашка-Суу" тозотунда толугу бойдон жабдылган жаңы жайлар пайдаланууга берилди.

Курулуш иштерине "Маңзатка каршы күрөш" программасынын алкагында АКШ тарап жардамдашты. Ал эми Чек ара кызматы суусу менен электр энергиясын тартып берип, кошумча жайларды салды.

Мекеменин маалыматына караганда, жаңы курулган кызматтык жайлар аскерлердин жана алардын үй-бүлөсүнүн күнүмдүк жашоо-тиричилик шартын жеңилдетти.

Өлкө жетекчилиги келечекте бардык чек ара объектилерин бирдиктүү заманбап стандартка келтирүүнү көздөп жатат. (RK)

XS
SM
MD
LG