Ирандын саламаттык сактоо министри Хасан Газизаде Хашеми өткөн айда "чочко тумоосу" 42 кишинин өмүрүн алып кеткенин билдирди. Хашеми бейшемби күнү маалымдагандай, 33 киши Керман провинциясында көз жумган, түштүк-чыгыштагы ал чөлкөмдө H1N1 вирусуна кабылган 600дөй бейтап ооруканага жаткырылган.
9-декабрда депутат Мохаммад Мехди Захеди тумоонун бул түрүнөн Керман жана Ооганстан менен Пакистанга жакын жердеги Систан-Балужистан аймагында 40 киши көз жумганын айткан.