Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:21

Ооганстанда орус тилдүү жанкечти зайып бомба жардырды

Ооганстандын чыгышындагы Нангархар чөлкөмүндө жанкечтинин жардыруусунан 5 киши набыт кетти. Губернатордун маалымат катчысы Атаулла Хогиянинин ырастоосунда, окуя 10-декабрдын кечинде коопсуздук күчтөрү орус тилдүү чет өлкөлүк 9 жаранды, анын ичинде бир аял менен 3 жашы жетелек баланы кармагандан көп өтпөй болгон.

Аял белиндеги жардыргыч затты жардырып жиберген. Натыйжада 3 бала жана ооган чалгындоо мекемесинин бир кызматкери мерт болду. Кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч ким өзүнө ала элек. Иликтөө жүрүүдө.

XS
SM
MD
LG