Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:43

Сариев: визасыз режим жокко чыгарылбайт


Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев.
Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев.

Бул тууралуу премьер-министри Темир Сариев Каракол шаарында өткөн туризм тармагын өнүктүрүү боюнча көчмө жыйында билдирди.

Премьер-министр акыркы учурда визасыз режим киргизилген өлкөлөр менен бул режимди жоюп салуу тууралуу талкуулар болуп жатканын белгилеп, бирок өкмөтү мындай кадамга барбастыгын билдирди.

"Кыргызстан туризм тармагын өнүктүрүү үчүн 66 өлкө менен визасыз режим киргизген. Алардын баары өнүккөн өлкөлөр. Дүйнөдөгү акыркы окуяларга байланыштуу аталган өлкөлөрдөн келген жарандарга укук коргоо органдары көзөмөлдү күчөтөт. Бирок визасыз режим жоюлбайт”, -деди Темир Сариев.

Премьер-министр Кыргызстанга туристтерди тартуу үчүн шарттарды жакшыртып, электрондук визаны киргизүү каралып жатканын кошумчалады.

Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиришинче, башта 45 өлкөнүн жарандарына визасыз кирүүгө уруксат берилсе, кийин ал тизме узарып 66га жеткен.

Буга чейин парламенттин эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук комитети жеңилдетилген виза режимин жокко чыгаруу өлкөнүн коопсуздугу үчүн маанилүү экенин айтып чыккан болчу.

XS
SM
MD
LG