Казакстанда орусиячыл көз караштары менен белгилүү блоггер Ермек Тайшыбеков төрт жылга абакка кесилди. Ал Жамбыл облусундагы Кордай айылында өткөн сотто Фейсбуктагы макалаларында улуттар аралык кастыкка тукургандыгы үчүн айыптуу деп табылды. 4-ноябрдан бери уланып келаткан процессте 37 жаштагы Тайшыбеков бүгүн акыркы сөзүн сүйлөп, кылмыш жасабаганын, бул иштин артында саясат турат деп эсептерин айтты. Кылмыш иши өздөрүн улутчул-патриоттор деп атаган активисттер тобунун арызы боюнча козголгон.