Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:44

Пакистан ядролук дүрмөт ташыган ракетаны сынады


Пакистан ядролук дүрмөт ташыган "Жер-жер" үлгүсүндөгү баллистикалык ракетаны сыноодон өткөрдү. Өлкөнүн расмий өкүлдөрү 2 миң 750 чакырым алыска учкан "Шахин-3" ракетасынын дизайны жана техникалык айрым параметрлери текшерилгенин билдиришти.

Ракета Араб деңизине конгону маалымдалды. Сыноонун алдында эле Исламабадда Ооган өкмөтү менен "Талибан" кыймылы ортосундагы сүйлөшүүлөрдү жандантууга чакырган тынчтык конференциясы өткөрүлгөн. Пакистан ядролук державалардын катарына 1998-жылы кошулса, аймактагы эски атаандашы Индия 1974-жылдан бери ал тизмеде. Эки өлкөнүн тең бири-биринин аймагынын алыскы райондоруна чейин сокку урууга кудуреттүү ракета системалары бар.

XS
SM
MD
LG