Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө жана Улуттук адабият күнүнө карата кыргыз прозасын өнүктүрүү максатында ай сайын өтө турган аңгемелер сынагынын жыйынтыгы чыгарылат. “Калемгер” адабий клубу уюштурган “Жаңы ысымдар, жаңы мүмкүнчүлүктөр” деп аталган сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылат. Бул күндүн урматына “Айтматов ааламы” аттуу китеп-сүрөт көргөзмөсү уюштурулат.
Бул күнү чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү Чыӊгыз Айтматовдун жаркын элесин эскерүү үчүн "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине жана жазуучунун үй-музейине барышат.
Ушул эле күнү коомго аты таанылган, белгилүү адамдар, Билим берүү жана илим министрлигинин айрым кызматкерлери мектептерде окуучуларга китеп окуп беришет. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.
Кыргыз өкмөтү Чыңгыз Айтматов жана Алыкул Осмонов сыяктуу ири өкүлдөрүн эскерип, улуттук адабиятты сактап, өнүктүрүп жана даңазалоо максатында 2011-жылы 12-декабрды Улуттук адабият күнү деп жарыялоо чечимин кабыл алган.
12-декабрь маркум улуу кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Ал 2008-жылы 10-июнда оорудан көз жумган. Ал эми Алыкул Осмонов 1915-жылы 21-мартта жарык дүйнөгө келип, 1950-жылы 12-декабрда 35 жашында каза болгон. (КЕ/ZA)