Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:00

Бишкекте кыска метраждуу тасмалар фестивалы башталат


Мирлан Абдыкалыков
Мирлан Абдыкалыков

Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү" Эл аралык V фестивалы “Манас” кинотеатрында кыргызстандык режиссер Гузел Дуйшенкулованын “Тазалыктын балдары” аттуу тасмасы менен башталат. Ага 13 тасма катышууда. “Айтыш фильм” киностудиясынын маалымат катчысы Чолпон Идирисованын “Азаттыкка” айтымында, эл аралык кароо-сынакка катышуу үчүн КМШ, Балтия жана Грузия мамлекеттеринен 300 тасма келип түшкөн. Калыстар тобунун чечими менен фестивалга катышууга Кыргызстан, Азербайжан, Армения, Беларус, Грузия, Казакстан, Латвия, Литвия, Өзбекстан, Украина, Орусия, Тажикстан жана Эстония сунуш кылган тасмалар жолдомо алды.

Фестивал 15-декабрда жыйынтыкталып, тасмалар “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча сыйланат. (КЕ/ZA)

XS
SM
MD
LG