Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:05

13-декабрдын аба ырайы


Ош
Ош

2015-жылдын 12-декабрынан 14-декабрына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138, 198-265- чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек авто унаа жолунун 45-90-чакырымдарындагы жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...+4,

Таласта түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2,

Баткенде түнкүсүн -9...-14, күндүз -2...+3,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -7...-12, күндүз -2...+3,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -10...-15, күндүз -1...-6,

Нарында түнкүсүн -19...-24, күндүз -3...-8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -28...-33, күндүз -11...-16.

13-декабрда Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 7…9 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 2…4 градус жылуу болот.(КЕ)

XS
SM
MD
LG