Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:20

14-декабрга карата аба ырайы


2015-жылдын 13-14-декабрында жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138, 198-265- чакырымдарында жана Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90- чакырымдарындагы унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталуусу зарыл.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн -8..-13, күндүз -2...+3,

Таласта түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...+2,

Баткенде түнкүсүн 8...-13, күндүз -3...+2,

Ош жана Жалал-Абадда түнкүсүн -6...-11, күндүз -2...+3,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5,

Нарында түнкүсүн -20...-25, күндүз -3...-8,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -11...-16.

14-декабрда Бишкек шаарында жаан жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 8…10 градус суук, күндүзгү жогорку температурасы 0…2 градус жылуу болушу күтүлөт.(КЕ)

XS
SM
MD
LG