Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн расмий сапарынын алкагында Кувейттин биринчи-вице-премьер-министри жана Тышкы иштер министри шейх Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах менен жолугушту. Ал бир эле убакта Араб экономикасын өнүктүрүү фондун жетектейт. Эки тарап Кыргызстан менен Кувейттин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, инвестициялык жана туризм тармагындагы кызматташтыгын талкуулады. Атамбаев кыргыз-кувейт кызматташтыгын активдештирүүгө үндөп, биринчи вице-премьерди Кыргызстанга чакырды.
Өз кезегинде Сабах Халед Аль-Хамад Аль-Сабах кыргыз-кувейт инвестициялык форумунун алгачкы жыйыны бизнес чөйрөсүндөгү кызматташууну кеңейтүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи.
Сапар жыйынтыгы боюнча соода-экономикалык, маданий-гуманитардык байланышты бекемдөөгө багытталган эки тараптуу келишимдерге кол коюлат. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты. (КЕ)