АКШ президенти Барак Обама Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө климат боюнча Парижде жетишилген макулдашууну “тарыхый” деп атады. Ишемби күнү 195 өлкөнүн өкүлдөрү Парижде глобалдык жылуулукту алдын алууга карата дүйнөлүк пакттын долбоорун жактырган. Обама форумда кабыл алынган чечимдер айлана-чөйрөнү коргоо, климаттык маселелерди чечүүдө бекем негиз болуп, иш-аракеттерди көрүүдө жаңы деңгээлге көтөрүлүүгө шарт түзөрүн белгиледи. Ошондой эле бул макулдашуу планетаны сактап калууга мүмкүнчүлүк берерин айтты. “Биз бүгүн дүйнө бириксе эмнеге жетише аларыбызды көрсөттүк”, - деди АКШ лидери.
Ишемби күнү глобалдык форумдун катышуучулары кабыл алган макулдашуунун долбооруна 2016-жылдын 22-апрелинде БУУнун Нью-Йорктогу башкы штабында кол коюлат. Макудашууда планетадагы орточо температураны 2100-жылга карата эки градус Цельсийден ашырбоо, өнүгүп жаткан өлкөлөр булганыч газдардын бөлүнүшүн кыскартуу, климаттык өзгөрүүлөргө адаптация болуу аракеттери көрүлүшү керек. Ошондой эле өнүккөн өлкөлөр 2020-жылдан тартып климатты сактоо иш-аракеттерине жыл сайын 100 млрд. доллар бөлүп турушат. (КЕ)