Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:37

Түркмөнстан Индияга чейин газ куурун курууну баштады


Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов

Түркмөнстан Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүн аралап Индияга чейин жаткырыла турган TAPI деп аталган куурдун курулушун баштады. "Рейтерс" агенттигинин жазганына караганда, курулуштун расмий ачылышы өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Мары шаарына жакын, “Галканыш” ири газ кенинен алыс эмес жерде болду. Газды экспорттоодо Кытайдан көз карандылыкты азайтуу максатында башталып жаткан долбоорго 10 млрд. АКШ доллары сарпталары айтылууда.

TAPI газ куурунун жалпы узундугу 1814 чакырымды түзөт. Газ кууру Ооганстандын Герат, Кандагар шаарларын, Пакистандын Кветта жана Мултан калааларын аралап өтөт. Бул куур аркылуу жыл сайын 33 млрд.куб метр газ өтүп турмакчы. Ири долбоордун башталыш аземине катышкан түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедов курулуш иштери 2019-жылдын декабрында бүтөрүн белгиледи. (КЕ)

XS
SM
MD
LG