Өкмөттүн маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, кыргыз өкмөт башчысы Кытайга расмий иш сапар менен жөнөп кетти. Сапар учурунда Темир Сариев Шанхай кызматташуу уюмуна кирген өлкөлөрдүн өкмөт башчыларынын 15-декабарда Чжэнчжоу шаарында өтүүчү жыйынына да катышат. Кыргыз өкмөт башчысынын сапары учурунда кыргыз-кытай кызматташуусу боюнча бир катар документтерге кол коюлат. Алардын арасында кыргыз-кытай темир жолун куруу боюнча келишим бар экени кабарланган. Президент Алмазбек Атамбаев 13-декабрда Кувейтке сапары учурунда Кыргызстан жана Кытайдын Транспорт жана коммуникация министрлери кыргыз-кытай темир жолун кура баштоо боюнча келишимге кол коерун билдирген. (AiT)