Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:40

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду саясатчылар катышы бар долбоорлорду каржылабайт


Бул тууралуу фонддон 14-декабрда кабарлашты. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду учурда эки коммерциялык банк аркылуу чакан жана орто ишкерликти насыялап жатат. Бул үчүн 1,2 млрд. сом бөлүнгөн. Фонд учурда үчүнчү коммерциялык банк менен да чакан жана орто ишкерликти каржылоо боюнча кызматташууну сүйлөшүүдө. "Фонд насыя бөлүүдө долбоордун саясий жактан таанымал инсандарга жакын болбошуна көңүл бөлөт. Бул аркылуу фонддун Кыргызстан экономикасын өнүктүрүүдө стратегиялык курал болушуна аракеттенебиз" деп белгилеген фонддун башкармалыгынын башчысы Нурсулу Ахметова. (AiT)

XS
SM
MD
LG