Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:55

Францияда ашынган улутчулдар утулуп калды


Марин Ле Пен
Марин Ле Пен

Франциядагы жергиликтүү шайлоонун экинчи айлампасында ашынган оңчулдардын “Улуттук фронту” бир да региондо жеңишке жетише алган жок. Марин Ле Пен жетектеген партиянын талапкерлери буга чейинки турда 13 чөлкөмдүн жарымында марага биринчи болуп келишкен. Жекшемби күнкү добуш берүүдөн кийин мурдагы президент Николя Саркозинин оңчул республикачылары 7 региондо алдыга озгон. Бийликтеги социалисттер экинчи орунду ээлешип, аларга 5 регион тийди.

6-декабрдагы айлампадан кийин эки чөлкөмдө "Улуттук фронттун” бийликке келишин алдын алуу үчүн социалисттердин талапкерлери жарыштан чыгып, колдоочуларын оңчулдарга добуш берүүгө үндөшкөн. Марин Ле Пен экинчи турда жеңилгенин моюнга алуу менен бирге саясий күрөштү улантаарын билдирди. Ошондой эле атаандаштарын үгүт кампаниясынын жүрүшүндө “калп айтып, жалган маалымат тараткандыгы” үчүн айыптады. Корсикада болсо байистүү улутчулдардын өкүлү жеңди.

XS
SM
MD
LG