Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:17

Сариев Кытай төрагасы Си Цзиньпин менен жолугат


Темир Сариев
Темир Сариев

Бүгүн Кытайдын Чжэнчжоу шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн премьер-министрлеринин жыйыны башталат. Ага Кыргызстандан өкмөт башчысы Темир Сариев баштаган делегация да катышат.

Расмий маалыматка ылайык, алгач премьер-министрлердин өзүнчө сүйлөшүүсү болот, андан кийин жыйын кеңейтилген форматта уланат. Негизинен экономикалык багыттагы кызматташтык талкууланат. Жыйын бир катар биргелешкен жыйынтык документтерди кабыл алуу менен аяктайт.

Түштөн кийин делегация мүчөлөрү ушул аймакта жайгашкан айтылуу Шаолинь монастырын барып көрөт. Андан соң Ханчжоу шаарына жөнөп кетишет. Аталган калаада 16-декабрда ШКУ өкмөт башчыларын Кытай лидери Си Цзиньпин кабыл алат.

Ушул эле күнү Темир Сариев экинчи эл аралык интернет-конференциянын ишине катышкандан кийин Бээжинге жөнөйт. Ал жакта кыргыз өкмөт башчысынын Кытайга расмий сапары башталат. Эки күн ичинде Темир Сариев кытай мамлекетинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүп, эки тараптуу документтерге кол коюлат. Ал эми 17-декабрда Сариев CCTV-Russia телеканалына интервью берип, тарыхый жана маданий эстеликтерге гүл койгондон кийин Бишкекке кайтат. (RK)

XS
SM
MD
LG