Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:53

Ли Кэцян: Жолдор ачылса байлыктын эшиги ачылат


Бүгүн Кытайдын Чжэнчжоу шаарында өтүп жаткан ШКУ уюмунун премьер-министрлеринин саммитинде талкууланып жаткан маселелердин бири - экономикалык кызматташтык, анын ичинде уюм алкагындагы транспорттук байланышты жакшыртуу. Кытай өкмөтүнүн башчысы Ли Кэцян өз сөзүндө бул багыт бардык өлкөлөр үчүн маанилүү экенин, кытай тарап Европа өлкөлөрүнө темир жол ачканын айтып, жаны жолдор курулуп, транспорттук байланыш жакшырса, мамлекеттин жашоосу оңолорун, байлыкка жетишерин, кытайлардын "Жолдор ачылса, байлыктын эшиги ачылат" деп байыркы накыл кебин мисал келтирип айтты.

Кэцяндын айтымында, Кытай өкмөтү бул багытта жалпы иштин эффективдүүлүгүн арттырууга даяр. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG